Ала кийимчен бала (тасма)

Википедия дан
Ала кийимчен бала
The Boy in the Striped Pyjamas

«Ала кийимчен бала» тасмасынын англис тилиндеги расмий постери
Жанры

Драма

Режиссёру

Марк Херман

Продюсери

Рози Элисон
Марк Херман
Дэвид Хейман

Сценарийдин
автору

Жон Бойн, Марк Херман

Башкы ролдордо

Эйса Баттерфилд
Жек Скэнлон
Вера Фармига
Дэвид Тюлис

Оператору

Бенуа Делом

Композитору

Жеймс Хорнер

Кинокомпания

Miramax Films
BBC Films
Heyday Films

Узактыгы

94 мүнөт

Бюджети

12,5 млн.$

Кирешеси

40 млн.$

Өлкө

 Улуу Британия
 АКШ

Тили

англисче

Жылы

2008

IMDb

ID 0914798

«Ала кийимчен бала» (англ. The Boy in the Striped Pyjamas) — 2008 жылы режиссёр Марк Херман тарабынан, Жон Бойндун 2006-жылы жазылган «Ала кийимчен бала» романынын негизинде тартылган көркөм тасма.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

8 жаштагы немис улутундагы Бруно II дүйнөлүк согуш учурунда Берлинде жашайт. Атасы улутчул чиновник мурунку иш ордунан еврейлер кармалган концентрациялык лагерге комендант болуп көтөрүлөт. Буга байланыштуу Бруно ата-энеси менен башка жакка көчүүгө туура келет. Досторун таштап кеткиси келбеген жеткинчекке бул окуя анча жакпайт. Жаңы жайга көнө албай, өзү теңдүү балдардын жоктугуна капа болуп жүргөн Бруно бир күнү үйдөн анча алыс эмес жерде ферма бар экенин, анда дайыма ала кийимчен адамдар жүрөрүн байкап калат. Ата-энесинин "алыска кетпе" деп тыюу салганына карабай ал үйдөн качып чыгып, эки жакты кызыгуу менен иликтеп кирет. Ошентип ал ферма деп ойлоп жүргөн жерден өзү курактуу еврей улутундагы Шмуэль менен таанышып, достошуп калат. Эч нерседен капарсыз, жан дүйнөлөрү таптаза, ак-караны ажырата элек жеткинчектер Бруно менен Шмуэлдин достугу күндөн күнгө күч алат. Бруно досунун лагерде жатканын, адамдар улутка, расага бөлүнөрүн, атасы еврей улутун жок кылуучулардан экенин деле билбейт. Брунонун апасы концлагерге жакын жашагандарына нааразы болуп, эки баласын алыс алып кетүүнү чечип, жолдошу менен бул маселени катуу талкуулай башташат. Акыры эненин бул тилеги орундалмай болот. Эртең кетебиз деген күнү Бруно досу алып келген ала кийимди кийип, лагерге кирип досунун атасын табууга жардам берейин дейт.Ошентип, 2 дос лагердеги өлтүрүлгөнү жаткан ала кийимчендерге кошулуп камерага камалат да, бул жарык менен кош айтышат.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саундтрекги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын музыкасын композитор Жеймс Хорнер жазган.

  1. «Boys Playing Airplanes» — 4:13
  2. «Exploring the Forest» — 2:36
  3. «The Train Ride to a New Home» — 3:34
  4. «The Winds Gently Blow Through the Garden» — 5:57
  5. «An Odd Discovery Beyond the Trees» — 2:51
  6. «Dolls Aren’t for Big Girls, Propaganda is…» — 3:43
  7. «Black Smoke» — 1:43
  8. «Evening Supper — A Family Slowly Crumbles» — 7:53
  9. «The Funeral» — 1:54
  10. «The Boys' Plans, From Night to Day» — 2:36
  11. «Strange New Clothes» — 9:53
  12. «Remembrance, Remembrance» — 5:31

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тасма Жон Бойндун 2006-жылы жазылган «Ала кийимчен бала» романынын негизинде тартылган.
  • Роман дүйнө жүзүнө 5 миллион нускада, 42 тилде тараган.
  • Тасма Венгриянын борбору Будапештте тартылган.
  • Эйса Баттерфилд тасмага тартылганда 11 жашта болгон. Атактуулук алып келген бул тасмага режиссёр аны жүздөгөн баланын ичинен тандап алган.
  • Жек Скэнлон киного тартылганда 10 жашта болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]