Алгы

Википедия дан

Алгы (Korolkovia severtzovi) — лилия гүлдүүлөр тукумундагы, көп жылдык өсүмдүк.

Пиязтүбү тоголок, эни 5 ст. Сабагы жоон, уз. 20-60 cм, жогору жагы жалбырактуу, жалбырактары учсуз, жыланач, калын, сабагына оролуп, кезектешип жайгашат. Гүлдөрү анча көп эмес, кызгылтым күрөң түстө. Мөмөсү кутуча, туурасы 3—5 cм, апрель-май айларында гүлдөйт. Чополуу бөксө тоолордун беттеринде өсөт. Кыргыз Алатоосунун түштүк тармактарында, Талас, Алай, Чаткал кырка тоолорунда кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4