Лилия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Lilium japonicum.

Лилия (лат. Lilium, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн лилиялар тукумундагы уруусу. Пияз түптүү көп жылдык чөп. Жалбырагы сабагына тегерете же кезектешип жайгашкан. Гүлү түрдүү түстө, түтүктөй же коңгуроодой түзүлүштө, диаметри 13–15 см. Көпөлөк аркылуу жана өзүн-өзү чаңдаштырат. Айрымдарынын жалбырак колтугунда вегетациялык көбөйүү милдетин аткаруучу бүчүр калыптанат. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. Түндүк жарым шардын мелүүн алкагында, көбүнчө токойлуу жана ачык тоо капталдарында 90дон ашык түрү өсөт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Кавказда, Сибирде, Ыраакы Чыгышта 21 түрү таралган. Кыргызстанда жапайы түрү кездешпейт. Лилиянын бардык түрү – кооз өсүмдүк. 2000ден ашык сорту өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7