Александрия согушу

Википедия дан
Клеопатра.

Александрия согушу - (б. з. ч. 48 - 47-ж.) Александрия шаарынын (Птолемейлер доорундагы Египеттин борбору) тургундарынын Рим императору Юлий Цезарга каршы көтөрүлүшү. Египет падышасы Клеопатра менен анын тестиер иниси Птолемей XIII Дионистин ортосундагы так талашуу үчүн жүргөн күрөшкө Цезарь кийлигишип, Клеопатранын колдоосу жана рим аскер башчысынын Птолемей ХІІнин ири өлчөмдөгү карызын шаардыктардын эсебинен кайтарып алуу аракети александриялыктардын нааразычылыгын туудурган. Цезардын 3 миңге жакын аскерине каршы шаардыктар жана падышалык армия көтөрүлгөн. Цезарь Александрияны жана ага жанаша аймактарды ийгиликтүү коргоого жетишкен. Нилдин боюндагы салгылашууда (48-ж.) Цезарга римдик легиондордун жардамга келиши менен көтөрүлүшчүлөр жеңилген, жаш падыша Птолемей XIII Дионис курман болгон, Александрия китепканасы өрттөлгөн. Клеопатра Египет тактысына отурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]