Алеч мөңгүсү
Көрүнүш
Алеч мөңгүсү - Швейцариядагы Альп тоолорундагы мөңгүлөрдүн эң чоңу. Аянты 87 км2, узундугу 24,7 км. Тармактанган өрөөн мөңгүсү. Берн Альп тоолорунан түштүк жана түштүк-батышка карай түшүп, Рона дарыясынын өрөөнүндө мөңгүнүн этеги 1520 м бийиктикке чейин жетет. Туризм өнүккөн; темир жол 3500 м бийиктикке чейин барат; асма жол, мейманканалар бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1