Альпы

Википедия дан
Альп тоолору‎»‎ барагынан багытталды)
Альп тоолору.
Альп тоолору.

Альп тоолору - (кельт тилинде alp - бийик тоо) - Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Словения, Лихтенштейн, Монако мамлекеттеринин аймагында. Жер ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түндүк-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо менен тоо массивдеринин татаал системасы. Узундугу 1200 кмдей (догонун ички чети боюнча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден жана Комо көлдөрүнүн аралыгында Альп тоолорун кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоолоруна (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) жана жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектоникалык кыймылынан пайда болгон. Альп тоолорунун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварц-филлиттүү сланец) байыркы тоотектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары жана азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң гсм2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү менен түбөлүк кардын этеги 2500-3200 мге чейин түшөт. Капталдарындагы туурасынан жана узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору өтөт. Кыр зонасынан түндүк-батыш жана түштүктү карай мезозойдук акиташ тектүү жана доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш жана молас формацияларынан турган орто бийик жана жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат. Альп тоолору - Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түндүк жана батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түштүк тарапка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш жана түндүк-батыш айдарым капталдарында 1500-2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. Альп тоолорунан Рейн, Рона, По, Адиже дарыясы, Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, Лаго-Мажоре ж. б.) көп. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түштүк капталдарыныкы-жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жерортолук деңиз бадалдары жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 800-1800 м бийиктикте климаты мелүүн жана нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийнежалбырактуу токой менен алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200-2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал жана өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу. Альп тоолору - Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм жана тоо лыжа спорту өнүккөн.

Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар:

Фрежюс Кичи Сен-Бернар
Ашуунун аты Деңиз деңг. бийиктиги (м) Жайгашкан жери Транспорттук мааниси
1 2 3 4
Тенда 1870 Ж Жээк Альп тоолору Турин (Италия)-Ницца (Франция) шоссе жана темир жолдору
2538 Ко Кот Альп тоолору Туннел аркылуу Турин (Италия)-Лион (Франция) темир жол өтөт.
Мон-Сени 2083 Кот жана Грай Альп тоолорунун аралыгында Турин (Италия)-Лион (Франция) шоссеси
2188 Грай Альп тоолору менен Монблан массивинин аралыгында Аоста (Италия) - Альбервиль-Гренобль (Франция) шоссеси
Чоң Сен-Бернар 2469 Пеннин Альп тоолорунун батыш чети Аоста (Италия) - Мартиньи-Виль-Лозанна (Швейцария) шоссеси
Симплон 2005 Пеннин жана Леопонтин Альп тоолорунун аралыгы Милан-Домодоссола (Италия)-БригЛозанна (Швейцария) шоссеси. Ашуудан чыгыштагы Симплон туннели аркылуу жогорудагы пункттарды туташтырган темир жол өтөт.
Сен-Готард 2108 Леопонтин Альп массиви Лугано - Беллинцона (Италия) - Альтдорф - Цюрих (Швейцария) шоссеси жана темир жол (тунел аркылуу)
Сан-Бернардино 2065 Ле Леопонтин Альп тоолору Лугано - Беллинцона (Италия)- Кур (Швейцария) шоссеси
Бреннер 1371 Эцталь жана Циллерталь Альп тоолорунун аралыгында Больцано (Италия)- Инсбрук (Австрия) шоссеси жана темир жол

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]