Осмонкул Алиев

Википедия дан
Алиев, Осмонкул‎»‎ барагынан багытталды)

Осмонкул Алиев (1903, Чүй облусу, Жайыл району, Чолок-Арык айылы – 1938, Бишкек) – советтик Кыргызстандагы агартуучу, журналист, мамлекеттик жана саясий ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Осмонкул Эгембай уулу Алиев 1903-жылы Чүй өрөөнүндө Чолок-Арык айылында туулган.

1913-1916-ж. орус жергиликтүү мектебин бүтүргөн.

1917-1918-жж. Олуяатада (Жамбыл, азыркы Тараз), 1919–22-ж. Ташкенде казак-кыргыз агартуу институтунда окуган.

1924-ж. РКСМ Кыргыз обкомунун 1-катчысы, РКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы болуп иштеген.

1924–26-ж. кыргызча арап арибинде чыккан «Эркин-Тоо» гезитинин туңгуч редактору болгон. [1]

1926-ж. «Коммунист» журналынын редактору болгон.

1927–30-ж. Москвадагы Свердлов атындагы Коммунисттик университетинде окуган.

1930–31-ж. Кыргызстандын эл агартуу комиссары, 1932–33-ж. ВКП(б)Ош округкомунун 1-катчысы ж.б бир катар жооптуу кызматтарда иштеген.

1937-ж. учүнчү жолу Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз жерден "эл душманы", Социал Туран партиясынын активдүү мүчөсү деген жалган жалаа менен айыпталып, 1938-ж. 5-ноябрда атылган.

1937-жылдын август айында камалган. ага РСФСРдин кылмыш кодексинин 58-статьясынын 2,7,8, 11-пунктары боюнча айып коюлат. 58-статья эмне экенин жана аны менен кимдер айыпталаарын Осмонкул Алиев жакшы билген. мындай соттолгондорго мунапыс болгон эмес жана кыйноонун баардык түру колдонулган. 14 ай ошондой кыйнаган сурак болгон.

Сөөгү кайрадан (30.8.1991) Ата-Бейит көрүстөнүнө арууланып коюлган.

Ал жана доору тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 19 -июнь (кулжа) 2017.