Эсенгул Алиев

Википедия дан
Алиев, Эсенгул‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев Эсенгул Акылдуу. Таза адам. (1934-ж. т., Тоң району, Улакол айылы) — Нарын облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы (1984—88).
1956-ж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн. Тоң районундагы "Улакол" совхозунда ветврач, андан кийин Жумгал, Кочкор райондорундагы чарбаларда жетекчи кызматтарда, 1972-жылдан Кыргызстан айыл чарба министрлигинин Совхоздор боюнча Башкы башкармасынын начальниги болуп иштеген.
1974-жылдан Кыргызстан КП Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы, 1980— 84-ж. Ысык-Көл облустук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1988-жылдан Кыргыз Республикасынын Элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жер фондусунун башкы директору.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975—90). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЭСЕНГУЛ АЛИЕВ: МАМЛЕКЕТТИН КОЛУНДАГЫ ЖЕРДЕН ПАЙДА ТҮШКӨН ЖОК