Мазмунга өтүү

Алиев Бакирдин

Википедия — ачык энциклопедия

Алиев Бакирдин-Кыргыз Республикасынын эл артисти
1933-жылы 10-октябрда Жумгал районундагы Суусамыр айылында туулган.

1955-жылы Ташкендеги А.Н.Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1955-62-жылы Жалал-Абад драма театрында , 1962-жылдан М.Рыскулов атындагы Нарын облусттук музыкалуу драма театрында , 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында иштейт.Алиев Бакирдин ар кыл мүнөздөгү ролдорду чебер аткарган артист катары белгилүү.

Аткарган ролдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул (Б.Жакиев “Миң кыял”), Тейитбек (К.Жантөшев “Курманбек”), Хлестаков (Н.Гоголь “Текшерүүрүчү”), Яго, Форд (У.Шекспир “Отелло”, “Виндзордук ойсокелер”), Акылбек (Б.Жакиев “Атанын тагдыры”), Барпы(М.Борбугулов “Барпы”), ошондой эле “Махабат жаңырыгы”, “Уркуя”, “Айсулуунун талаасы”, “Мен Тянь-Шань”, “Эски тегирмен”, “Ээн калган өрөөн” фильмдеринде тартылган.Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанов.У ““Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия”-Бишкек;2009