Алиев Раиль

Википедия дан

Алиев Раиль 1951-жылы Андижан облусунун Пахта-Абад районунда туулган.

  • Сузак районунун Багыш айылына ата-энеси менен 1956-жылы көчүп келишет.
  • 1968-жылы мектепти бүткөндөн кийин, механизаторлордун курсунан окуп, тракторист кесибине ээ болот.
  • 1970-жылдан баштап, “Дружба” совхозунда тракторист болуп, эмгек жолун баштаган.
  • 1984-жылы КПССтин катарына мүчө болуп кабыл алынат.
  • Бир канча жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон.
  • Эмгектин ударниги наамын алган.
  • Райондук партиялык комитетинин мүчөсү болуп, коомдук иштерге активдүү катышкан.
  • Беш жылдык планды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн, райондук жетекчилик тарабынан “Жигули” автомашинасы менен сыйланган.
  • 2003- жылы 52 жашында капилет оорудан каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3