Алкмеон Кротондук
Алкмеон Кротондук (байыр.грек. Ἀλκμαίων; хронологиялык маалыматтар боюнча «Пифагор абышка кезде, Алкмеон жаш болгон» б. а. б. з. ч. 500-ж.) байыркы грек доктуру жана натурфилософу.
Диоген Лаэртийдин айтуусу боюнча Алкмеон «Пифагорду уккан», бирок аны «пифагорийчи» деп эсептөө туура эмес. Алкмеондун байыркы замандагы белгилүү китеби «жаратылыш жөнүндө» деген ат менен чыккан. Алкмеондун көңүл борборунда микрокосмос катары түшүндүрүлүүчү адамдын денеси турат.
Милет мектебине салыштырмалуу, космогония жана метеорология Алкмеондо жок, бирок биринчи жолу эмбриология, физиология, тую теориясы жана психология пайда болот.
Алкмеон баарынан мурда микрокосмостук жана макрокосмостук окуусунда аналогия методун жүргүзөт. Космостун өлбөс бөлүгү күнгө, айга жана жылдыздарга, түбөлүк айланып жүрүүчү адамдын өлбөс бөлүгү-жан (псюхе) туура келет. Бул концепция Платондун жана Аристотелдин космологиясына таасир көрсөткөн. (Аристотель «Алкмеонго каршы» Адамдын организминин модели болуп космос гана эсептелбестен, мамлекет дагы эсептелет, атайын трактат жазган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8