Алмазбек Боталаев

Википедия дан

Боталаев Алмазбек (1968-....)-лейтенант.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полковник Боталаев Алмазбек Сопубекович 1968-жылы Ысык-Кол областына караштуу Ак-Суу районунун Кара-Кол айылында жарык дүйнөгө келген.
1985-жылы А.Айтпаев атындагы (Островский) орто мектебин бүтүргөн соң, Бишкектеги атайын аскер окуу жайына тапшырып, Тамбов шаарына билим алууга чектелген. Окууну аяктагандан кийин лейтенант наамын алып, Ленинград шаарында эки жыл иштеген. Андан кийин Германияда (ГСВГ) иштеп жүрүп, Краснодар шаарына которулат. Ал жактан кызмат өтөп ага лейтенант наамын алат. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө, кийин Беловодскийдеги аскер бөлүгүндө эмгектенип капитан болот. 1993-жылы Кой-Таш аскер бөлүгүндө командалык курамында иштеген. 1995-жылы билимин жргорулатуу үчүн Москва шаарындагы Подвойский атындагы аскердик академияны ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин кайрадан Кыргызстанда Куралдуу күчтөрүндө кызматын улантат. Алмазбектин эмгеги коз жаздымдан калбастан өз убагында бааланган.
Өмүрлүк жары Түлөндиева Айгүл менен турмуш куруп бир уул, бир кыздын сүйүктүү атасы, балдары Марат менен Наргиза.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Даңк" медалы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн медалдарына Ардак грамоталарына, ыраазычылык каттарга ээ болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсандар таржымалы Бишкек-2007ж.