Алмамбет Көкчөгө жолугуп, экөө достошкону

Википедия дан

Алмамбет Көкчөгө жолугуп, экөө достошконуАлмамбеттин тагдырындагы бурулуш учур, сюжеттик өнүгүүдөгү бөлүмдүн окуяларынын бутактанып татаалданышы.

Алмамбет он алты жаш курагында элүү бала кошчу алып аң уулап сейилге чыгат. Камыш аралап бараткан Алмамбеттин алдынан кыл кыйма кара каман чыгып аны качырганда куралына кам урбай, жакын кирип келген каманды колундагы камыш таяк — саңга менен жыга чаап салат. Токойдон чыгып кол салган жолборстун дөбөтүн да ошол таягы менен уруп өлтүрүп, элик көрүп, аны тирүү кармап алууну ойлоп кубалаган Алмамбет токой арасынан атчан жоон топ адамга кезигет. Алиги качкан элик тигил адамдарга жетип, бир силкинип адам болуп тура келет. Таң калган Алмамбет адамдарга барып собол сураса атчандар кудайдын буйругу менен сага ак бирдигин айтканы келдик дешет да өзүлөрү көгүчкөнгө айланып учуп кетишет. Көбүрөк сүйлөшүп кебине канбай же бирөөн кармап калбай деп өкүнгөн Алмамбет жолдоштору эсине түшүп жонго чыгып туш тарапка дүрбү салса алыстагы көрүнгөн тоонун учунан көп адамдын караанын көрөт. Ал ууда жүргөн Көкчө болот. Алардын жөнүн билмекке барып, токой четинде жалгыз турган түрү башкача атчан адамды көрүп, жашын сыйлап «коома» деп учурашса тигил атчан үндөбөйт. Биздин тилди билбеген адамго, түрүнө караганда чантуу өңдөнөт деп ойлоп салам айтса Көкчө өзүң капыр туруп салам айтасың деп уруша кетет. Алмамбет капырың эмнең, мусулманың ким деп жөнүн сурайт. Көкчө Алмамбетке мусулманчылыктын жөнүн түшүндүрүп, анын айтканы көңүлүнө ынаган Алмамбет мусулман динин кабыл алат да экөө достошот. Ата-энеме, элиме барып, тил алса аларды да мусулман кылып, болбосо милдетимден кутулуп кайра келем деп Алмамбет Көкчө менен коштошуп элине кетет. Көкчө ошол жерде Алмамбетти күтүп калат.

Радлов жазып алган вариантта айрым деталдык айырмачылыктар болбосо (Алмамбет менен Көкчөнүн кезигишкен жери Ысык-Көлдүн жээги делет жана башкалар) Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын планда берилген.

Саякбай Каралаевдин  вариантында Алмамбеттин мусулман болушу башкача айтылат: кытайлар сени соо кылбайт, тез кел деген энесинин катын алып, Алмамбет өзү отурган тактынын алдына казылган терең орду көрүп, качып чыгып үйүнө келет да, энесинин айтуусу боюнча мусулман динине кирет.

Шапак Рысмендеевдин варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында айрым вариациялары менен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4