Алты шердин кенжеси

Википедия дан

Алты шердин кенжеси - Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас баатыр Сулайман, Дауд, Искендер Зулкарнайн, Үрүстөм-Дастан, Азирет Аалы сыяктуу баатырлардын эң кичүүсү катары эсептелет. Кызыр (Хизр-Иляс), Кырк чилтен (чилтан) аттуу пир сыяктуу элес-образдар менен катар Сулайман (Соломон), Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский), Алишер (Хазрети Али, Шахимардан), Чалияр (төрт дос — Али, Осмон, Омар, Абубакир), Үрүстөм жана башкалар легендарлык фольклордук кейипкерлер Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларына да кеңири тараган. Алар «Манас» эпосунда «алты шер» аталат. Манас баатыр А. ш. к. катары сүрөттөлөт. Эпос чагылдырган каармандарынын ичинен мындай артыкчылык сапат Манаска гана ыйгарылат: Алты шердин артыкча Кенжеси болуп жаралдың Сайыппуруш көкжалдын Берени болуп жаралдың (Саякбай Каралаев, 2. 46, 106, 242),— деп Манастын эрдик иш-аракетин легендарлык кейипкерлердин (Сулайман, Искендер, Азирет Аалы, Үрүстөм) образына салыштырып берүү максатында анын телегейи тегиз сапатын өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4