Алымсарык

Википедия дан

Алымсарык Манастын небереси Сейтектин уулу Кенендин тушунда кыргыз менен кытайдын ортосундагы кастык кайрадан курчуп, Коңурбайдын небереси Чыңтемир Кененге жана анын балдары Алымсарык, Кулансарыкка зордук-зомбулук көрсөтөт. Чыңтемирге каршы күрөштө балдары жаш болуп, башкы кыйынчылык Кененге түшөт. Кенен курман болот. Башкы баатырынан ажыраган элди душман адаттагыдай талап-тоноп, Алтай, Каңгай, Иреңге сүрөт. Баатырдын тукуму курут болбосун деп эл А-ты Кулансарык менен бирге душман көзүнөн далдалап, алыс бир өзөнгө алып кетүүнү чечишет. Бул тапшырма кытайдан кыргыздарга качып келген Жел жетпеске ыйгарылат. Алардын андан наркы коопсуз жайга жетишине касиеттүү Олуя Ата жардамдашат да качкандар эч ким тапкыс эки аралга конушуп, «Короо күтүп мал айдап, Оокат кылып дан чайнап» жатып калышат. Алымсарык менен Кулансарык коркунучсуз жайга жайланышат, Манастын тукуму үзүлбөй акыры алар кыргыз элин таап, баш коштуруп коргоп алар күн келет деген оптимисттик ишеним менен эпостун Саякбай Карала уулунан жазылып алынган варианты аяктайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4