Алып салуу

Википедия дан

Алып салуу (орус. Снятие)(нем. Aufheben) – болгон форма же принциптердин четтеткен, ошол эле учурда жаңы бүтүндүктүн же системанын кырдаалына баш ийген катары өзүнүн маанисин сактап калган кайра өзгөртүп түзүү.

Алып салуу – Гегелдин өнүгүүнүн диалектикалык концепциясына байланышкан философиядагы негизги түшүнүктөрдүн бири. Aufheben (сакто, кармо, ошол эле учурда чектетү, токтоту) термининин эки жактуу маанисин көрсөтүү менен Гегель алып салуу – бул дайыма өнүгүштүн ортолоштурулган процесси өңдүү экенин белгилеген.

Алып салуу – өнүгүүнүн бир кыйла жогорку деңгээлдеги жаңы биримдигинин жаралышын билдирет. Көрсөтүлгөн түшүндүрмөнү Гегель, барыдан мурда, рух жана таанып билүүгө тиешелүү кылган; анын идеалисттик чечмелөөсүндө рухий субстанция өзүн өзү ишке ашырат жана өзүн-өзү жеңет. Марксистик философиялык адабияттарда Алып салуу термини, танууну тануу мыйзамынын чегинде өнүгүүчү нерсе катары мүнөздөлөт жана диалектикалык тануу түшүнүгү менен окшоштурулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]