Алыскы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелер

Википедия дан

Алыскы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелер. Кыргызстандагы экономикалык реформалардын мезгилинде алыскы чет өлкөлөргө товарлардын экспортунун жана импортунун көлөмү өстү.

Муну республиканын тышкы мамилелерди либералдаштырышынын процесси көрсөтүп турат. Бир катар жылдар бою Швейцария, Германия, АКШ, Түркия жана Кытай негизги соода өнөктөрү болуп кала берүүнү улантышууда. Бул мамлекеттердин импортунун алда канчалык үлүшү түз чет өлкөлүк инвестициялар жана гуманитардык жардамдын келиши менен байланышкан. Кыргызстандын бул мамлекеттерге экспортунун структурасы, негизинен, төмөнкүлөр: түстүү металлдар, сымап, сурьма, булгаары сырьёсу, жүн, пахта, электр лампалары, жүн жана пахта кездемелери, келеп жип. Кыргызстандын тышкы соодасын импорттун структурасы боюнча талдоо республика алыскы чет өлкөлөрдөн керектөө товарларын көп санда импортко алышын улантып келаткандыгын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын саясий жана соода-экономикалык мамилелеринде Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык сөзсүз артыкчылыкты ээлейт. Кашкар - Торугарт - Жалал-Абад - Анжиян темир жол магистралын куруу жана иштеп жаткан Автомобиль магистралдарын КНРдин аймагына узартуу КНР менен Кыргызстандын ортосундагы жүк ташуулар менен интенсивдүү алмашып турууну камсыз кылууга тийиш. Пайдалуу кендерди жана түстүү металлдарды казып алуу, электр энергиясын пайдалануу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайында биргелешкен ишканаларды түзүү, эки тараптуу ярмарка-көргөзмөлөрдү өткөрүп турууну жандандыруу, ири дүң соода борборлорун түзүү жагынан Кытай Эл Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнүн бүткүл потенциалын иштетүү зарыл.

Өзгөчө тамак-аш, кайра иштетип чыгуу, жеңил өнөр жайы, тоо-кен иши, туризм жагынан Кыргыз жана Түрк Республикаларынын кызматташтыгынын зор мүмкүнчүлүктөрүн толук көлөмүндө пайдалануу керек. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө Түрк эл аралык кызматташтык боюнча агенствосу (ТИКА) менен кызматташууда зор келечек бар. Индия өзүнүн кеңири базары менен Кыргыз Республикасынын перспективалуу соода өнөгү болуп эсептелет. Индия өзүнүн маанилүү өнөр жайы жана интеллектуалдык потенциалы менен өнүгүп бараткан өлкө болуп эсептеле тургандыгын пайдаланып, бул мамлекеттин базарын өз ордун табуу үчүн биз зор күч аракет жумшообуз зарыл.

Чакан жана орто бизнес, б.а., ал түгүл өнүккөн өлкөлөрдө кыйла салыштырмалуу салмак ээлеген өндүрүш сектору жагынан Индиянын ишканалары менен кызматташууда зор мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан менен Индиянын Соода палаталарынын ортосунда түзүлгөн биргелешкен Бизнес-Кеңеш андан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн платформаны негиздөөгө тийиш. Республиканын алтын казуу тармагынын ишинин башталгандыгына байланыштуу жана индус зергерлеринин зор тажрыйбасын эске алып, бул жагынан да кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Кыргызстандын региондо зергердик өнөр жай борборлорунун бири болуп калышынын бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошону менен катар Пакистан жана Афганистан менен алака-берекеге өтүшүбүз керек.

Айрым өлкөлөр менен гана эмес, о. э. ЕС, ЭКО, ОИК ж.б. региондук экономикалык блоктор менен да Бүткүлдүйнөлүк соода уюмунун нормалары жана эрежелери менен өз ара пайдалуу кызматташуунун сейрек кездеше турган мүмкүнчүлүгү ачылат. Республика үчүн Япония, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер менен мамилелер да стратегиялык жактан маанилүү.

Бул мамлекеттер, зор экономикалык жана илимий-техникалык потенциалга ээ болуу менен, республикага алда канчалык инвестициялык жардам көрсөтүшөт. Инвестиция саясатынын экономикага түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө багытталган максатын эске алып, ушул мамлекеттер менен мамилелерди өркүндөтүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9