Альтдорф-бай-Нюрнберг
Альтдорф-бай-Нюрнберг | ||
---|---|---|
| ||
{{{1}}} | ||
Coordinates: Coordinates: Unknown argument format Координаттары: Coordinates: Unknown argument format | ||
Өлкөсү | Германия | |
Админ. округ | Орто Франкония | |
Району | Нюрнберг Жери | |
Government | ||
• Мэр | Эрих Одөрфер (CSU) | |
Area | ||
• Total | 46,59 km2 (17,99 sq mi) | |
Time zone | CET/CEST (UTC+1/+2) | |
Почта индекстери | 90518 | |
Чалуу коддору | 09187 | |
Vehicle registration | LAU, ESB, HEB, N, PEG |
Альтдорф-бай-Нюрнберг - Германиянын түштүк-чыгышындагы шаар. Нюрнбергден(Нюрнберг Жер району), 25 км чыгыш тарапта жайгашкан. Шаардын атын сөзмө-сөз которгондо “Нюрнбергдин жанындагы Альтдорф” дегенди билдирет. 1504-жылы Нюрнбергдин Императордук Эркин Шаары басып алган. 16-кылымда Нюрнберг шаар кеңеши Альтдорф академиясын негиздеген. Академия 1622-1809-жж. университет катары иштеген. Альтдорф Университетинен билим алгандардын ичинде генералиссимус Альбрехт фон Валленштейн менен философ, окумуштуу Готфрид Вильгельм Лейбниц да болгон. Альтдорфтун башкы архитектуралык эстеликтери Ыйык Лаврентий чиркөөсү, шаардык мэриянын имараты жана мурда университет болгон Вичернхауз. Ошондой эле таасирдүү коргонуу чептеринин калдыктары сакталып калган. Альтдорф шаарында бир нече окуу жайы иштейт.
Альтдорф-бай-Нюрнберг төмөнкү шаарлар менен боордош:
- Альтдорф, Швейцария