Мазмунга өтүү

Нюрнберг

Википедия — ачык энциклопедия
Бавариянын ири шаарларынын бири
Нюрнберг
Желек Герб
Желек Герб
Бавариянын түндүк бөлүгүндөгү маанилүү шаарГермания
ОблусБавария
Координаттар49°27′ с. ш. 11°05′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү10 административдик район
МэрМаркус Кёниг
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1050-жыл
Климатынын түрүОкеан климаты (жумшак континенттик таасир менен)
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилинемис тили
Калкы518,370 адам
Улуттук курамынемистер 83%, башка улуттар 17%
Диний курамыПротестанттар 55%, католиктер 25%, башка 20%
ЭтнохоронимНюрнбергдиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 911
Почта индекстери90402–90491
Автоунаа кодуN
Сайтыhttps://www.nuernberg.de
Нюрнберг (Германия)

Нюрнберг (нем. Nürnberg) — Германиядагы шаар, Бавария жеринин түндүк бөлүгүндө, Пегниц дарыясынын боюнда жайгашкан.

Нюрнберг алгач 1050-жылы тарыхый булактарда эскерилет. 1219-жылдан тартып эркин империя шаары макамына ээ болгон. Шаардын борбордук бөлүгүндө орто кылымдардагы архитектуралык эстеликтер сакталган, алардын катарына Император сепили (11-кылым), Соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-кылымдар), жана Альбрехт Дюрердин үй-музейи кирет.

1945–1946-жылдары шаарда Нюрнберг процесси болуп өтүп, анда 2-дүйнөлүк согуштун башкы кылмышкерлери эл аралык трибунал тарабынан соттолгон.

Нюрнберг — Германиянын өнөр жай жана технология борборлорунун бири. Шаарда:

  • машина куруу,
  • электр-техникалык жана полиграфия тармактары,
  • жыгаччылык жана жеңил өнөр жай,
  • карандаш жана оюнчук өндүрүшү жакшы өнүккөн.

Шаарда метрополитен (U-Bahn) иштейт, шаар Германиянын түндүк жана түштүгүн байланыштырып турган негизги транспорт түйүнү болуп саналат.

Нюрнбергде бай тарыхый жана маданий мурастар бар. Бул жерде:

  • Германия Улуттук музейи,
  • Транспорт музейи,
  • Оюнчук музейи,
  • Консерватория (1821) жана
  • Опера театры (1905) жайгашкан.

Шаар дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Альбрехт Дюрердин туулган жери катары да белгилүү.