Мазмунга өтүү

Альтэттинг

Википедия дан

АльтэттингГерманиянын Бавария жериндеги шаар, Альтэттинг районунун административдик борбору.

500 жыл бою Дева Марияга сыйынууга барган католиктердин, ошондой эле 1980-жылы Рим папасы Иоанн Павел IIнин да диний зыяратынын аренасы болгон. Каролингдердин мезгилинде Альтэттингде падыша сарайы жайгашкан. Бавариянын падышасы Карломан (Бавариянын падышасы) 876-жылы биринчи аббат Веринольфтун урматына Бенедикт монастырын, ошондой эле Апостол Филипптин урматына деп монастырдык чиркөө тургузган. 910-жылы венгрлер чиркөө менен аббаттыкты талоонго алышкан. 1228-жылы герцог Людвиг I бузулган имараттарды калыбына келтирип канондоштургандан кийин провостко баш ийген он эки Регулярдуу Канониктерге өткөзөт. Канониктер 1803-жылдагы бавар монастырларынын секуляризациясына чейин иштеген.

Альтэттинг шаары “Gnadenkapelle” деп аталган Грейс чиркөөсү менен белгилүү[1].

Ажайып жайлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Штифтскирхе” эгиз мунаралары - Альтэттинг шаарынын маанилүү архитектуралык ажайып жайы. Готика архитектурасына ылайыкталып курулган чиркөө 16-кылымдын башында зыяратчылардан түшкөн байлыкка ыңгайлаштыруу үчүн тургузулган.

  1. Altötting. www.altoetting.de. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2009.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]