Бавария

Википедия дан

Бава́рия (нем. Bayern, бав. Boarn), расмий ― Бавария Эркин Мамлекети (нем. Freistaat Bayern) же Бавария РеспубликасыГерманиянын түштүгүндө жайгашкан федералдуу жери; аянты менен эң чоң жана калкы боюнча ФРГда экинчи орунду алат.

Бавария Эркин Мамлекети
нем. Freistaat Bayern

Германиянын картасында жайгашкан Бавария.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон Шнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10-13к-да Бавррия герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет.

Регенсбург, Бавария

Герцог Альбрехт IVнүн (1467-1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавррия 16-17-кылымдарда Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801-13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жана башка Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-жылындагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Бавррияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавррия Советтик Республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Бавррияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933-45) Бавррия фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюренбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жана башка америкалык оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавррия ГФРдин жери катары анын курамында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]