Оккупация

Википедия дан

Оккупация (лат. occupatio — басып алуу) — эл аралык укукта душман аймагын бут бойдон (же бир бөлүгүн) кандайдыр бир мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн убактылуу ээлеп алышы.

  • Оккупациялык режим согуш закондору менен адаттары жөнүндөгү Гаага (1899 жана 1907) жанa Женева (1949) конвенцияларында бекптилген.
  • Оккупация убагында Оккупацияланган аймактагы калктын укуктары жана баскынчылардын убак­тылуу бийлик жүргүзүү милдеттери 1949-ж. Женева конвенцпясында («граждандарды коргоо») көрсөтүлгөн. Басып алган мамлекеттердпн ас­кер командованиеси Оккупация режими боюнча өз армиясын чыңоо ж. б. муктаждыктары үчүн жерг. калктал натуралай салык жана алым жыпноого акылуу.
  • Эл аралык укук, эгер согуш зарылчылыгы болбосо, Оккупациялык апмакта материалдык байлыктарды (уй. музей, ж. б.) кыйратуута, калкты тоноо, өлтүрүү, коллективдүү жазага тартуу жана зордоп айдап кетуүгө тыюу са­лат. Оккупациялык өкмөт тарабындагылар эл аралык укук нормаларын бузса, о. эле Оккупацияны тынчтыкка карты багыттаса, алар саясий-матерпалдык, моралдык же уголовный жоопко тартылат. Экинчи дуйн. согуш убагында фаш. Германия жана акын союздаштары эл аралык укук нормаларын жана калкка карата мамплелердн ото одоно бузуй, оор кылмыш жасаган.
  • Согуштан кийинки Оккупациялык режим согуш Оккупациялык режиминен айырмаланып, атайын эл аралык келншнм түзгөн мамлекеттерде тынчтыктан шартып аткаруу максатында колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.