Гаага

Википедия дан
Гаага.

Гаага - (нидерл. Den Hааg) Нидерланддагы шаары Түштүк Голландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 479,5 миң (2006, шаар айланасы менен 670 миңдей). Түндүк деңиздеги порт (Схевенингендин аванпорту). Чоңдугу боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Электр-техникалык, радиоэлектроника, авиа куруу, тамак-аш, жеңил өнөржайы иштейт. Айнек жана жыгачтан көркөм буюмдар даярдалат.Шаардын ишкер бөлүгүндөгү офистер.Өкмөттүн жана король сарайынын резиденциясы, БУУнун эл-аралык соту жайгашкан. Консерватория (1908), музейлер бар. 11-кылымдын аягынан эскерилет (19-кылымдын башынан шаар). Бинненхоф архитектуралык ансамбли, готика стилинде курулган Синт-Якобскерк чиркөөсү (14-к.), эски ратуша (1564-65), Маурицхёйс (1633-35) аксарайында королдордун сүрөт кабинетине таандык «алтын кылымдын» көркөм чыгармалар коллекциясы сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]