Аляска кырка тоосу

Википедия дан

Аляска кырка тоосу - Алясканын түштүгүндө. Түндүк Америка Кордильерасынын системасына кирет. Узундугу 1000 кмдей. Бийиктиги 6193 мге чейин (Мак-Кинли чокусу - Түндүк Американын эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик, өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түштүк капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түндүк капталдары каксоороок; токойдун чеги 10001100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]