Ал-Харам мечити

Википедия дан

Ал Харам мечити жана Кааба таш Дүйнө жүзүнүн так ортосунда жайланышкан Мекке шаарындагы Кааба таш жөнүндө калайык калктын арасында ар кандай "легендалуу" ой пикирлер айтылып келет. Кээ бир адамдар ошол кара таш (Кааба) жерге тийбей турат дешсе, кээ бирлери Каабанын ичиндеги кара таш жерге тийбей турат деп ойлошот. Биз сиздерге Доктор Мухаммад Ильяс Абдулганийдин "Тариху Маккатул Мукаррама кадиман ва хадисан" деген китебинен кудуретибиз жетишинче которуп берүүгө аракет жасайбыз. Кааба таштын Курани Каримдеги аталыштары: 1. Кааба. "Маида": 95-97. "… Аллах Каабаны - Байтул Харамды инсандарга тууралык негизи кылып койду…" 2. Ал Байт . "Аали Имран":96-97, "Баккара":125-127, "Анфал":35, "Хаж":26, "Курайш":3. "… Албетте, эң биринчи адамдар ибадат кылуу үчүн курулган Меккедеги Таберик Байт (үй)…" 3. Байтуллох. "Баккара": 125, "Ибрахим": 37, "Хаж": 26. "… Ибрахим жана Ысмайылга "Менин үйүмдү (Байтулломду) таваф кылуучулар үчүн таза кармоого буюрдук…" ("Баккара":125). 4. Байтул Харам. "Аллах Каабаны - Байтул Харамды инсандарга тууралык негизи кылып койду". (Маида: 95-97). 5. Байтул Атийк - "…Андан соң алар курбандыктарын сойушсун жана "Байтул Атийкти…" (Эски үйдү) таваф кылышсын". 6. Кыбыла - "…Биз сени өзүң ыраазы болгон Кыбылага бурабыз…" ("Бакара":144). Каабаны Ибрахим алайхис салам баласы Ысмайыл экөө курганы баарыбызга маалым. Хижираттын 18 чи ал эми, меладийдин 638-чи жылы Курайш уруусу Каабаны оңдоого киришип, ага кете турган каражаттарды сүткорлуктан, зулумдук менен алынган байлыктан болбогон таза эмгек менен гана табылган байлыктан топтошту. Каабанын энине үч метр кошуп, эшиктин бийиктигин дагы адам киргидей кылып чоңойтушту. Ушул мезгилге чейин Каабанын үстү жабылган эмес эле. Каабанын үстүнүн жабылышына эки ууру себепчи болгон. Алар Каабанын үстүнөн кирип бир канча байлыкты уурдап кетишкен. Ошондуктан, Каабанын үстүн башка үйлөрдү жапкан сыяктуу эле түркүк, таштамайларды койуп жабышкан. Бийиктиги 4.32см болгон Каабаны 7.64см бийиктикке көтөрүшкөн. Кара ташты койууга келгенде келишпестик чыгып, ар бир уруу биз койобуз деп талаша баштаган. Талаш-тартыш барган сайын күчөп уруу-уруу болуп урушууга жакындап калганда, Абу Умайя Махзумий: "Азыр ким биринчи болуп Каабага келсе, ошол адам Кара ташты койсун" - деп сунуш киргизди. Бул сунушту баары колдоду. Аллах таала келечектеги пайгамбары Мухаммад (с.а.в.)ды жиберди. (Ал кезде Пайгамбар болуп дайындалбаган эле). Мухаммед (с.а.в.) келгенде баары ыраазы болушуп "Амин" келди дешкен. Ошол мезгилге чейин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) элдин ишениминде "Амин"- жалган сүйлөбөгөн чынчыл деген атка конгон эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)га болгон ишти баштан аяк баяндап беришкенде, чапанын чечип, үстүнө Кара ташты койуп, ар бир уруудан бирден адамды чапандын чекесин кармоого буйурду. Чапанды көтөртүп барып Кара ташты өзү алып ордуна койду. Каабаны меладийдин 675-жылы Абдуллох ибн Зубайр толук оңдогон. 684-жылы Хажжаж ибн Юсуф оңдосо, 1040-хижрий, 1632-миладий жылы Усман (Осмон) императору Султан Мурат жаңылаган. Ошол бойдон 377 жыл оңдолбой турган. 1417-хижрий, ал эми болжол менен меладийдин 1977-жылы Кароль Абдулазиз толук оңдоого буйурду. Ошондо, Кааба төмөндөгүдөй таризде оңдолду: Бийиктиги - 14 м Кара таш менен Хатиим тарабы - 12.84 см Хатиим тарабы - 11.28 см Хатиим менен Рүкнүл Яманий тарабы - 12.11 см Рүкнүл Яманий менен Кара таш тарабы - 11.52 см Кара таш Каабанын түштүк-чыгыш бурчунда болуп, жерден 1,10 м. бийиктикте жайланышкан. Узундугу 25 см., туурасы 17 см болуп, Каабанын түштүк-чыгыш бурчуна дубалга кошуп койулган. Тышкы көрүнүшү күмүш менен жалатылган. Ошол, адамдын башы баткыдай болгон тешикке башты салып, Кара ташты өбүү сүннөт амалдарынан. Ичиндеги көрүнгөн сегиз таштын (чоңойтулуп берилди) ар биринин көлөмү курманын чоңдугундай келет. Биз айтып жаткан Кара таш (Хажарул асвад) ушул болуп саналат. Кара таштын түсү жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат: "Кара таш бейиштен түшүрүлгөн кезде сүттөн дагы аппак болгон. Адам баласынын каталары себептүү карарып калган". (Жамиу Тирмизий. "Хаж" бөлүмү: 788-бет). Бирок, башка риваяттарда Каабанын ички тарабындагы Кара таш ак түстө деп айтылат. Мужахид риваят кылып айтат: "Абдуллох ибн Зубайр Каабаны оңдоп жаткан кезде Каабанын ички тарабындагы Кара таштын ак экенин көргөмүн" (Ахбарул Макка Лил Факихий. 27). Ал эми кээ бир тарыхчылар: "Адамдардын күнөөлөрү себептүү тышкы тарабы карарып калган. Ошондуктан, Кара таш деп аталып калышы мүмкүн",- деп айтышат. Кара таш Бейиштен Ибрахим алайхис саламга түшүрүлгөн кезде жашыл жакут эле. Ибрахим алайхис салам Кара ташты Каабанын түштүк чыгыш бурчуна койгон. Кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Курайштыктар оңдогон кезде куду Ибрахим алайхис салам койгон жерге койгон. (Жамиу Тирмизий: 961. Хадис хасан. Мушкату Масабих: 2578. Иснадуху сахих) Кара ташты өбүү боюнча Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Кара ташты жана яманий рүкүндү гана өбөт эле" (Жамиу Тирмизий, Хадис хасан, сахих. Хаж бөлүмү: 858). Умар ибн Хаттаб Кара ташка келип аны өпкөндөн кийин: "Сенин пайда дагы, зыян дагы бере албаган кара таш экениңди билем. Эгерде Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө, сени өпмөк эмесмин" - деп айткан (Сахих Бухарий. Хаж бөлүмү: 1597). Демек, ажылык ибадатындагы парыз Каабаны таваф кылуу. Ал эми Кара ташты өбүү болсо, сүннөт амалдарынан экен. Каабанын түндүк тарабында "аттын такасы" сыяктуу нерсе бар, анын аты "Хатиим" деп аталат. "Хатиим" деп аталып калышынын себеби, "Каабанын бир бөлүгү", "Каабадан кесилип калган" деген мааниде. Ошондой эле, Хатимди Хижру Ысмайыл деп дагы аташат. Анткени, Ибрахим алайхис салам Ысмайыл алайхис салам менен аялы Ажарды карап туруу үчүн курган айбан (беседка) эле деген тарыхчылар дагы бар. Эгерде булардын айтканындай болсо, анда бул Каабанын бир бөлүгү болуп саналмак эмес. Ал эми, Курайш уруусу Каабаны оңдогон кезде кыскартып, ал тарабын таштап койгон. Ошондуктан, бул Каабанын бир бөлүгү дегендердин пикирлери чындыкка жакын. Айша энебиз Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дан: "Бул Каабанын бир бөлүгүбү?"- деп сураганда. -"Ооба" деп жооп берген. "Эмне үчүн бөлүп койушкан?- деп сураганда: "Элиң ушинтип кыскарткан"-деп жооп берген. (Сахих Бухарий: 1574). ...Көпчүлүк окурмандар жерге тийбей турган таш деп Байтул мамурду алмаштырып алышпады бекен деген дагы ой келет. Анткени, Кааба жерде болсо, Байтул мамур дал Каабанын үстүндө жетинчи асманда жайланышкан. Али ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) "Ат-Тур" сүрөсүнүн 3-аятын төмөндөгүдөй тафсир кылышат: "Байтул мамур Каабанын параллель үстүндө жетинчи асманда жайланышкан. Кааба жер жүзүндө канчалык даражада абройлуу болсо Байтул мамур асманда дал ошондой абройго ээ. Тактап айтканда, жерде инсандар Каабага карап намаз окуп, аны таваф кылышса, асманда периштелер Байтул мамурга карап намаз окуп аны таваф кылышат. Байтул мамурда ар күнү жетимиш миң периште намаз окуп, таваф кылууга кирип, кайра кайтып чыгышпайт" (Ибн Касир тафсири: 407:7. Куртубий тафсири:54:17).

Даярдаган Калыбек Үркүнбаев