Аманбек Дилденбай

Википедия дан

Аманбек Дилденбай - Жапаров, Аманбек Дилденбай – кыргыз театр режиссеру, өнөрпоз жана журналист. 1960-жылы 16-январда Чүй боорундагы Кемин районунун Кичи-Кемин айлында туулган. Ошол эле айылда орто мектепти аяктаган.

1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуп, аны аяктагандан кийин жолдомо менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-драма театрынан артист жана режиссер болуп чыгармачылык чыйырын баштаган.

Театрдагы өмүр

Ал жерде кыргыздын белгилүү театр артисттери менен иштешип, Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Султанмураттын, Ж. Өзүбекованын “Кыял” мелодрамасында Кубандын жана башка ондогон образдарды жараткан.

Амандын устаттарынын бири – белгилүү театр режиссеру Алмаз Сарлыкбеков болгон.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-драма театрында Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Мырзагүлдүн образын жараткан эл артисти, учурда бул театрдын жетекчиси Дамира Баратбаева “Азаттык” үчүн курган маегинде (2010-жылдын январында) кесиптеши Амандын чыгармачылыгына өзгөчө баасын берди:

- Ошондо Аман 21 жаштагы жигит болчу, мен 32 де болчумун. Андан кийин башкы режиссер болуп иштеп, чоң-чоң спектаклдерди койду. Абдан жакшы, режиссерлук таланты, актерлук чеберчилиги күчтүү жигит.

1985-жылы Тбилисиде өткөн эл аралык театр фестивалында Аманбек Жапаров ойногон "Эрте жаздагы турналар" спектаклиндеги баш каарман Султанмураттын образы мактоого татыктуу болуп, сынакка катышкан 21 театрдын ичинен Нарын музыкалуу театры экинчи орунду ээлеген.

Ошондо СССРдин эл артисткасы Нона Анжапаридзе Жапаровдун жараткан образын эң мыкты рол катары жогору баалаган.

Режиссер коючу катары Аман Жапаров Ш.Шаршеевдин “Камбаркан”, М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, А.Жакшылыковдун “Көкөй кести” чыгармалары боюнча спектаклдерди койгон.

А. Жапаров 2009-жылы Насыр Давлесовдун “Аста, секин колукту” музыкалык комедиясын белгилүү эстрада жылдыздарынын жана куудулдарынын аткаруусунда жаңы усулда сахнага алып чыккан.

Илимий жана окутуучулук ишмердүүлүк

Аман Жапаров 1988-1991-жылдары Орусиянын Ленинград шаарындагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Черкасов атындагы мамлекеттик Театр, кино жана музыка институтунда режиссердук илимий стажировкада болуп, билимин андан ары өркүндөткөн.

Аман Жапаров 1990-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институнда окутуучулук кесипти да аркалап, ондогон актерлорду, режиссерлорду тарбиялап чыгарган.

Анын шакирттери КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, КРнын эмгек сиңирген артисттери болушкан. Алардын катарында белгилүү ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева да бар.

- Мен Нарында жашап жүргөндө театрда Аман агай режиссер болуп иштөчү. Ал спектаклдерди сахналаштырганда мен карап отурчумун. Мен кичине кезимде эле ырдап баштагам. Ошондо мага сахна сырларын үйрөткөн ушул агай болгон, - дейт Асел Турдалиева (2010-жылы январда “Азаттык үналгысы” үчүн курган маектен алынды).

“Азаттык” жана журналистика

Аман 1998-жылдын октябрынан тартып “Азаттык үналгысынын” Бишкектеги кабарчысы болуп иштей баштады. “Азаттыктын” Прагадагы башкеңсесинде кесиптик өнөрүн өркүндөтүп жүрүп, чех театр режиссерлору менен кызматташат.

Аны “Азаттыктын” угармандары “Аманбек Дилденбай” адабий аты менен кеңири таанышат.

2009-жылдын декабрында Аманбек Жапаров адам укуктарын коргоо жаатындагы журналисттик өрнөктүү ишмердиги үчүн Акыйкатчынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.