Аммоний нитраты
Көрүнүш
Аммоний нитраты аммиак селитрасы, NH4NО3 – азот к-тасынын аммоний тузу. NH4NО3- темп-рага жараша ар түрдүү модификацияга ээ болуучу түссүз кристалл, тыгзд. 1,725 г/см3, эрүү t 169-170оС. Андан жогорку темп-рада ажырайт. 300оС жогорку тепм-рада жарылат. Сууда, метанолдо, этанолдо, пиридинде эрийт. Нымды өтө тез тартып алат. Суудагы эритмелери кычкыл реакцияны берет. А. н. суюлтулган азот к-тасына аммиакты кошуу аркылуу алынат. Азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6