Анахронизм

Википедия дан
Чезаре Дженнари

Анахронизм (гр. – өйдөгө, карама-каршыга жана мезгил, убакыт деген сөздөр) – көркөм чыгармада турмушту, салт-санааны, мезгил-убакытты чагылдырууда ар кандай так эместиктер. Муну автор билбей жасашы да мүмкүн, атайын көрсөтүшү да ыктымал. Мис., В. Шекспирдин “Юлий Цезар” деген драмасында сааттын коңгуроосунун какканы жөнүндө айтылат, а бирок Цезардын убагында Байыркы Римде андай сааттар болгон эмес экен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004