Анвар Куттубаева
Куттубаева Анвар | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Куттубаева Анвар |
Туулган жылы: | 1915-жыл |
Өлгөн жылы: | 1977-жыл |
Туулган жери: | Фрунзе шаары, Кыргызстан |
Өлгөн жери: | Фрунзе шаары, Кыргызстан |
Сөөгү: | Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргызстан |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр артисти , ырчы |
Наамдары: |
Кыргыз ССРинин эл артисти |
Куттубаева Анвар – театр артисти, ырчы.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Куттубаева Анвар —Кыргыз ССРинин эл артисти (1939).
Фрунзе педтехникумунда окуп, актёрдук чыгармачылыгын андагы драма ийриминен баштаган.
1929-жылы кыргыз театр студиясына кирген. А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтынында» Настянын, К. Жантөшөвдүн «Карачачында» Карачачтын ролун ойногон.
Жөндөмдүү вокалист Куттубаева (сопрано) музыкалык драма спектаклдеринде жана операларда: Зулайканын (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Чынардын (Ж. Бөкөнбаев, “ Алтын кыз”, Калыймандын (В. Власов. А. Малдыбаев жана В. Фере, «Айчүрөк»), Чолпондун (М. Раухвергер, «Көкүл»)
партияларын аткаруу менен кыйла ийгиликке жетишкен, элдик ырларды да мыкты аткарган.
1946-жылдан кыргыз филармониясында иштеп, улуттук бий ансамблин жетектеген.
1952-жылдан Кыргыз драма театрында иштеген.
Куттубаева комедиялуу ролдорду да зор чеберчилик менен аткарган.
Негизги ролдору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Карачач (К.Жантөшөв «Карачач")
Анна Павловна (К.Крапива, “Акыркы күлгөндүн арманы жок”)
Калбүбү (Т.Абдумомунов «Атабектин кызы»)
Феклуша (А.Островский, «Добул») жана башка.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ленин ордени
Эмгек Кызыл Туу ордени
«Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4