Англия-Франция-Кытай согушу

Википедия дан
Англия-Франция-Кытай согушу.

Англия-Франция-Кытай согушу - экинчи «апийим» согушу (1856-60) Англия менен Франциянын Кытайды көз каранды мамлекетке айландыруу максатын көздөгөн агрессиячыл согуш. Цин династиясына каршы чыккан тайпиндердин көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Англия 1856-жылы октябрда Гуанчжоу шаарын басып алат. 1857-жылы ага Франция кошулат. 1858-жылы майда англиялык жана француздук аскерлер Дагу портун каратып, Тяньцзинь менен Пекинге коркунуч туудурат. Кытай өкмөтү Тяньцзинде Англия - Кытай жана Франция-Кытай (1858) тең укуксуз келишимдерине кол коюуга мажбур болот. Келишимдер өлкөнүн аймагында чет өлкөлүктөргө эркин соода жана миссионердик ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүгө Кытайды милдеттендирген. Бирок, император аларды ратификациялоодон баш тарткан. Ага жооп кылып англичандар менен француздар 1860-жылы августта Тянь-цзинди, октябрда Пекинди басып алат. Кытай өкмөтү Пекинде Англия-Кытай жана Франция-Кытай келишимдерине (1860-жыл) аргасыздан кол коёт. Келишимдер мурдагы Тянь-цзинь келишимдеринин шарттарын бекемдеген.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1