Мазмунга өтүү

Тайпин көтөрүлүшү

Википедия — ачык энциклопедия
Тайпин көтөрүлүшү
Орун

 Кытай

Натыйжа

Цин империясынын жеңиши
Тайпин Асман падышалыгынын кулашы
Провинциялардагы бийлигинин алсырашы
Провинциялык аскерлердин көбөйүшү
Амур аймагынын Орусия империясына кошулушу

Каршы тараптар
Цин империясы
Сиан аскерлери
Хуай аскерлери
Аягында кошулган тараптар:
 Улуу Британия
 Франция
Тайпин Асман падышалыгы
Колбашчылар
Сяньфэн]
Цыси
Цзэн Гофань
Сэнгэ Ринчен
Гуаньвэнь
Ли Хунчжан
Цзо Цзунтан
Чжан Голян †
Хэ Чунь
Франция Огюст Проте †
Улуу Британия Чарльз Жорж Гордон
Хун Сюцюань†
Ян Сюцин
Сяо Чаогуй†
Фэн Юньшань†
Вэй Чанхуэй
Ши Дакай†
Ли Сючэн†
Ли Шисянь]†
Чэнь Юйчэн†
Тарап күчтөрү
1 100 000+ 500 000
Жоготуулар
145,000 243,000
жалпы жоготуулар
20–30 млн.

Тайпин көтөрүлүшү - 1850-1864- жылдары Кытайдагы дыйкандар согушу.

Манчжурлардын Цин династиясына жана феодалдык эзүүгө каршы Хун Сю-цюандын жетекчилиги менен Гуанси провинциясында башталган. Негизинен дыйкандар көтөрүлгөн. Тайпин көтөрүлүшү башка жерг. көтөрүлүштөрдөн даярдыгы жана уюшкандыгы менен айырмаланган. Көтөрүлүштүн жүрүшундө Хун Сю-цюань башында турган Тайпин тяньго мамлекети түзүлгөн. 1852-1853-ж. тайпиндер өлкөнүн борбордук бөлүгүнө бир катар ийгиликтүү жортуул жасагандан кийин алардын саны 30 миңден 500 миңге кишиге жеткен. 1853-ж. мартта көтөрулүшчүлөр Нанкинди ээлеп, аны өз борборуна айландырган. Тайпин көтөрүлүшүнүн жетекчилери феодалдардын жерин конфискациялоо, бүткүл кыштак элин аскер жамаатына бириктирүү, жерди жамаат мүчөлөрүнө тен бөлүп берүү боюнча мыйзам чыгарган, бирок иш жүзүндө помещиктерге салыктын көбүн төлөтүү, дыйкандардын ижара акысын кыскартуу менен гана чектелген.

Тайпин көтөрүлүшүнүн жетекчилери бөлөк жердеги дыйкандар кыймылын күрөшкө багыттай алган эмес. 1856-ж. тайпиндер ич ара чыр-чатактан кийин экиге бөлүнүп (бирин Ши Да-кай. экинчисин Ли Сю- чэн жетектеген), 1863-1864-ж. феод, армияга жана чет элдик интервенци га (Улуу Британия, АКШ, Франция) таянган манжур өкмөтүнөн талкаланып, Нанкин манжурларлын колуна өткөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.