Андаман деңизи

Википедия дан
Андаман деңизи.

Андаман деңизи - Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка жарым аралынын, Андаман жана Никобар аралы тизмегинин жана Суматра аралынын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат. Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун температурасы 26-29°С, туздуулугу 31,5 32,5%о (жайында), 30,0 - 32,0%о (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот (7,2 мге чейин). Негизг порттору: Янгон, Жоржтаун.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1