Аноприев Геннадий Федорович

Википедия дан

Аноприев Геннадий Федорович (4.1.1947-жылы туулган, Кант шаары) - бокс боюнча спорт чебери (1969). КРнын көп жолку чемпиону. КРнын (1984) жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1990). Бокс менен 1962-жылдан машыга баштаган. 1971-жылы КМДТИни бүткөн. Кант шаарында балдар жана жаштар спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. Бокс боюнча 14 спорт чеберин даярдаган. Эң атактуу шакирти дүйнөнүн профессионалдык бокс боюнча чемпиону О. Назаров болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1