Антимонит

Википедия дан
Антимонит.

Антимонит (латынча antimonium сурьма) - сурьма жылтырагы, стибнит - минерал. Сульфиддер классына кирет. Химиялык формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. С. салмагы 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма кычкылдарын жана кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. Антимонит сурманын негизги кенташы. Негизинен эритме кошундуларды (подшипниктер үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири пайдаланылат. Ошондой эле сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада жана башкада пайдаланылат. Кыргызстандагы сурьма кендери: Кадамжай, Терексай, Абшырсай, Кассансай, Сабажарды жана башка Кадамжай кенинен бөлүнүп алынган сурьма сапаты боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1