Антифриздер

Википедия дан

Антифриздер (анти ... жана англисче freeze - тоңуу) - 0оСден төмөн температурада иштөөчү ичинен күймө кыймылдаткычтарды жана ар кандай түзүлмөлөрдү муздатууда колдонула турган төмөнкү температурада тоңуучу суюктуктар. Антифриздер жогорку жылуулук сыйымдуулук, жылуулук өткөрүмдүүлүк, кайноо жана от алуу температурасынын өтө жогору болушу; төмөнкү температурада начар илешкектиги, буу басымынын жана көбүрүүсүнүн төмөндүгү жана башка касиеттерге ээ. Антифриздер муздатуу системасынын тетиктерин дат бастырбайт, шланг жана төшөлмөлөр жасалган материалды жеп жибербейт. Этиленгликоль, глицерин, айрым спирттер жана башка органикалык кошулмалар, ошондой эле кээ бир туздардын (мисалы хлордуу кальций) суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Дат бастырбаган фосфор кычкыл натрий кошулган, тоңуу температурасы -75°С, этилен-гликолдун суудагы эритмеси (66,4 %и этиленгликоль жана 33,3 %и суу) сапаттуу антифриздер болуп эсептелет. Мындай эритмелер тоңгондо көлөмү чоңойбойт, ошондуктан антифриздер тоңгон түтүктөр жана радиаторлор системасы жарылып кетпейт. Антифриздердин фосфор кычкыл натрийлүү этиленгликолдуу 40 жана 60 маркасы (тоңуу температурасы тиешелүү түрдө -40°С жана -60°С) жана молибден кычкыл натрийлүү 40 м маркасы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1