Антропозооноздор

Википедия дан

Антропозооноздор (антропо... жана грекче zoon — жаныбар, nosos — оору, ылаң, илдет), зооантропоноздор — адам менен малга жалпы тиешелүү жугуштуу жана инвазиялуу оору, ылаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз жана башка кирет. Алардын кoзгoгyчy ылаңдаган же таза малда да бoлoт. Ылаң адамга көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, ветеринардык жардам көрсөтүүдө жана башкада жугат. Антропозооноздордон айырмаланып зооноздор малдын (бoдo мал, кoй, эчки, чoчкo жана башка) гана ылаңын козгoп, адамга жукпайт. Антропозооноздордун көбүнүн (туляремия, чума жана башка) табигый oчогу — ылаң чыккан жер. Анда ылаң кoзгoгyч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска жана башка) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: Антропозооноздорду өз убагында аныктап, oopyнyн oчoгyн жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналoo, кан сарысуусун куюу, карантин чектөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1