Зооноздор

Википедия дан
Чума, Кытай, 1911.

Зооноздормалдын жана адамдын катуу кармаган жугуштуу дарты.

Сырткы чөйрөдө узак сакталуучу бактериялар пайда кылат. Адамга коркунучтуу 3оонозго — күйдүргү, шарп, бруцеллёз, тырышма, чума жана башка Кишиге көбүнчө малдан жугат. Козгогучтар сүт, шилекей, заара жана башка менен чөйрөгө чыгат. Адам сүттү жана сүт азыктарын чийки пайдаланганда, ылаңдаган малды бакканда, аны сойгондо жана этин бузганда; ылаңдаган малдын заңы менен булганган буюмдар (тери, жүн жана башка) аркылуу жугузуп алышат, кан соргуч чымын-чиркейлер чакканда да жугат.

3оонозго каршы күрөшүүдө санитария ветеринариялык иш-чаралардын мааниси чоң. Жугушсуздандыруучу иш-чараларды жүргүзүү жана өздүк-гигиена эрежелерин сактоо, айрыкча атайын кийимдерди кийүү, ылаң башталган чарбанын кызматкерлерине, мал сойгон жердеги, тери заводундагы жана башка жумушчуларга оорунун алдын алуучу эмдөө жүргүзүү чоң мааниге ээ.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8