Антуан де Сент-Экзүпери

Википедия дан
Антуан де Сент-Экзүпери (1942).

Антуан Мари Жан-Батист Роже де Сент-Экзүпери (фр. Antoine Marie Jean-Baptiste Roger, comte de Saint-Exupéry; 1900-жыл 29-июнь — 1944-жыл 31-июль) — франциялык жазуучу, акын, аристократ, журналист жана кесипкөй учкуч болгон. Ал Франциянын бир нече жогорку адабий сыйлыктарынын лауреаты болгон жана ошондой эле АКШнын Улуттук китеп сыйлыгына татыктуу болгон. Ал "Кичинекей ханзаада" (фр. Le Petit Prince) новелласы, "Шамал, кум жана жылдыздар" (англ. Wind, Sand and Stars) жана "Түнкү учуу" (фр. Vol de nuit) лирикалык авиация чыгармалары менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Сент-Экзүпери Европанын, Африканын жана Түштүк Американын аба почтасы жолдорунда иштеп, Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында ийгиликтүү жеке учкуч болгон. Согуш чыгып кеткенде ал Француз аба күчтөрүнө кошулуп, 1940-жылы Франция Германия менен аба ок атууларын токтотконго чейин чалгындоочу миссиялык учууларды аткарып турган. Француз аба күчтөрү таратылып бүткөндөн кийин ал Нацисттик Германияга каршы согушка кирүүгө өкмөттү көндүрүш үчүн Америка Кошмо Штаттарына барган. Түндүк Америкада өзүнүн негизги үч эмгегин жазып, 27 айлык тыныгуунун артынан ал учкуч болуш үчүн жашы өтүп кеткен болсо да жана ден соолугу начарлаганына карабастан Түндүк Африкадагы Эркин Франция аба күчтөрүнө кошулган. Ал 1944-жылдын июлунда Жер ортолук деңизинде чалгындоо миссиясы учурунда дайынсыз жоголуп, ошол убакта каза болду деп айтылат.

Согушка чейин Сент-Экзүперинин Францияда учкуч катары атагы чыккан. Адабий чыгармалары көзү өтүп кеткенден кийин жазуучунун беделин Францияда улуттук баатыр деңгээлине чейин көтөргөн. Башка эмгектеринин эл аралык котормолору аны мындан ары кеңири таанымал кылган. Анын 1939-жылдагы "Terre des hommes" (Адам жана анын дүйнөсү) философиялык эскермеси эл аралык гуманитардык топтун аталышына айланып, Канаданын Квебегиндеги Монреал жергесинде өткөрүлгөн 20-кылымдагы дүйнөнүн эң ийгиликтүү жарманкеси "Expo 67нин" башкы темасын жаратууда пайдаланылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тунгуч чыгармасы («Учкуч») 1926-ж. жарыяланган. «Түштүк чабарманы» (1929), «Түнкү учуш» (1931), «Адамдар планетасы» (1939) романдарында өткөн турмушту поэтикалык, философиялык жактан жалпылап, гуманисттик жыйынтык чыгарат, реакцияны жек көргөндүгүн айтат.

Аскер учкучу катары 2-дүйнөлүк согушка катышкан. «Аскер учкучу» (1942), «Барымтага кеткенге кат» (1943) повесттери Каршылык көрсөтүү кыймылынын адабиятындагы көрүнүктүү чыгармалардан.

«Кичинекей ханзада» (1943) жомогу Сент-Экзюперини дүйнөгө белгилүү кылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]