Арамза тоосу

Википедия дан

Арамза тоосу - Суусамыр тоосунун түндүк тармагы. Арамза жана Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34-36 кмге созулуп жатат. Туурасы 7-9 км. Орточо бийиктиги 3300-3600 м, эң бийик жери 3892 м.

Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген менен неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талаа жана шалбаа (2800-3000 мге чейин), андан жогору альп шалбаасы, субниваль жана ниваль ландшафттары басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]