Аргумент

Википедия дан

Аргумент (лат. argumentum – жүйө) – далил, далилдик, ырастоо: кандайдыр бир теорияны, концепцияны же пикирдин акыйкаттуулугун ырастоо, тактоо үчүн келтирилген ой-жорутуулардын жыйындысы: ал эми логикада болсо аргумент-далилдөөнүн негизги жүйөөсү, айрым учурда аргумент бир бүтүндөй далилдөө маанисине да ээ.


Математикада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Функциянын аргументи — мааниси функциянын маанисине байланыштуу көз карандысыз өзгөрмөлүү чоңдук, Мис., у= ƒ(х), у=х2, мында х аргумент. 2. Тегиздикте х жана у координаталуу чекит менен сүрөттөлүүчү z=х+ iу = r(соsφ+sinφ) комплекстик санынын аргументи бул чекитгин r радиус-векторунун абсцисса огу менен түзгөн φ бурчу, ал argz, деп белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004