Артикль

Википедия дан
Do you speak English ?
English

Артикль (The Article)- кыргыз тилинде артикль жок, англ.  тилинде артиклдин эки түрү бар:

  1. Белгисиз артикльa(an)
  2. Белгилүү артикльthe

Белгисиз артикль тарыхый жактан бир , жалгыз деген сөздөн чыккан.

Ошондуктан, адатта, ал саналуучу (pen, bag, match жана башка) зат атоочтор менен бирге колдонулат да,

кыргызча бир, кайсыл бир деген маанини билдирет.

Ал эми белгилүү артикль, сөз белгилүү бир нерсе туурасында болуп жаткандыгын билдирип[1],

(кыргызча – бул, тигил, ошол, ал, ушул деген маани) жекелик сандагы жана көптүк сандагы зат атоочтор менен да колдонулат.

Мисалга;

Give me a pencil. – Мага карандаш берчи (a pencil – кандай болгону баары бир, кайсыл бир карандаш)

Give me the pencil you are writing with. – Мага өзүң жазып жаткан карандашты берчи

(the pencil – белгилүү конкреттүү жазып жаткан карандаш туурасында сөз болуп жатат)

Артикль өзүнчө сөз түркүмү эмес, ал жардамчы сөз. Адатта, зат атоочтун алдында келип, анын жалпы же, так мааниге ээ экендигин көрсөтөт.

Экертүү.

Белгисиз артикль төмөнкү учурларда колдонулбайт.

  • Саналбоочу зат атоочтор алдында, She likes milk. Ага сүт жагат
  • Энчилүү аттардын алдында, I spoke with Asan. Мен Асан менен сүйлөштүм.
  • Таандык жана шилтеме ат атоочтор турганда, I see his father. Мен анын атасын көрүп турам.
  • Номерди билдирген эсептик сан атоочтун алдындагы зат атоочто, He lives in flat 4 (four). Ал №4 квартирада жашайт.

Белгилүү артикль төмөнкү учурларда колдонулбайт.

  • Эгерде зат атоочтун белгилүү, анык экендиги шилтеме (this, that, these, those), таандык (my, his, her, our), тангыч (no, nobody ж.б.),

күндүк (same, any) ат атоочтор менен берилгенде.This pen is red. Бул кызыл карандаш.

  • Энчилүү ат алдында, Do you know Bolot ?. Сен Болотту тааныйсынбы ?


Колдонулган адабияттар

Назаралиев Ш. ISBN 978-9967-424-56-2

  1. Англис тилинде аныкталган арка. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2021.