Артрит

Википедия дан

Артрит — муундардын сезгенүү оорусу. Оору бир муунда болсо — моноартрит, бир нече муун ооруса полиартрит деп айырмаланат.

Артритке жугуштуу ооруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артритке жугуштуу оорулар, көбүнчө туберкулёз, сүзөк, бруцеллёз, келте, дизентерия, ангина жана башка; өнөкөт инфекциялар — кулактын, бадам сымал бездин, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, тиштин жабыркашы; муундардын ар кандай травмалары себеп болот.

Артрит пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артрит пайда болушуна карата инфекциялык (ревматизм, полиартрит, бруцеллёздук А.) дистрофиялык (подагра артрит остеоартрит жана башка), травмалык жана башка формаларга бөлүнөт.

Артриттин өнүгүшүнө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артриттин өнүгүшүнө суук тийүү, организмдин коргонуу функциясынын төмөндөшү, өнөкөт уулануулар түрткү берет.

Артрит белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгиси — муундар ооруп, кызарат; анда сезгенүү суюктугунун чогулушунан шишийт. Ооруган адамдын шайы кетип, алсызданат, эти ысыйт.

Артритти дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өз учурунда врачка кайрылуу, туура дарылануу оорунун толук айыгып кетишине жардам берет. Кээде оорулуу көпкө дарыланбай жана өз алдынча дарылануудан оору создугуп, күчөп, өнөкөт түрүнө өтөт. Мындан муундардын кыймылынын азайышы же кыймылсыз болуп калышы мүмкүн.Артритти дарылоодо дарылардан башка да массаж, айыктыруу физкулътурасы колдонулат. Айыктыруу физкультурасы менен массаж муундардын оорусу жоголуп, лабораториялык анализдери нормага келгенде берилет. Артритти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси иштелип чыккан. Көнүгүүлөр оорунун мүнөзүнө жараша берилип, врачтын көзөмөлү менен жасалып турат. Ошондой эле артритти дарылоодо хирургиялык дарылоо (артропластика, артротомия, артродез) кеңири колдонулат. Ооруну дарылоонун кийинки этабында санаторий-курорттук дарылоо жакшы натыйжаларды берет.Курортко барууда сөзсүз врачтын көрсөтмөсү зарыл.

Артриттин алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артриттин алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, ооз көңдөйүн дайыма дарылоо (санация) маанилүү. Ошондой эле температуранын кескин өзгөрүшүнөн, муздап калуудан сактануу организмди чыңдоо, эмгек, тиричилик шарттарын жакшыртуу чоң мааниге ээ.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8