Арчалы, тоо

Википедия дан

Арчалы, тооБалгарт өрөөнүнүн түштүгүндөгү тоо, Кичи Нарын суусунун алабында. Узундугу 28–30 км. Орточо бийиктиги 4000– 4200 м, эң бийик жери 4412 м. Тоо бети аскалуу, чыгыш жагы (Айкөл, Жаманечки) бийик, батышы жапыз, структурасы боюнча Капкаташ кырка тоосу менен кошулат. Түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. Негизинен гранит жана кумдук, акиташ тектеринен турат. түндүк бети мөңгүлүү. Тоо капталындарынын этегинде талаа өсүмдүктөрү басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]