Арык, урук

Википедия дан

Арык тукуму, уругу - Баргы, Бугу, Нойгут урууларынын курамындагы уруктардын жана уруктар тобунун аталыштары катары маалым[1].

Параллелдери Казактардаарык токум”, Түркмөндөрдө жана Каракалпактардаарык” формаларында кездешет[2].

Этноним[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этноним хакас тилинде эки маанини туюнтары маалым:

  1. Дарыянын ортолугунда пайда болгон арал;
  2. Аралда өскөн өсүмдүк, бак-дарактар;

Экинчи мааниси:

  1. Тунук;
  2. Ыйык[3].

Монгол тилинде(монг. ариг) “таза”, “тунук”, 2жакшы" дегенди аныктайт (Монгол орос толь, 1957,43). Кыргыздар менен этникалык жакындыгы аныкталган сары угурларда “арык” сөзү “таза” деген мааниден башка, “кытайлардын бийлигин тааныган түрк тилдүү мусулмандар” дегенди түшүндүрөт[4].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XVIII к. арыктар өз алдынча урук болгондугу, кийинчерээк бугулардын курамына киришкендигин окумуштуулар өз иликтөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт[5].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 106.
  2. Жанузаков, 1982, 165; Атаниязов, 1988, 14; Жданко, 1990, 45.
  3. Бутанаев, 1999, 27.
  4. Малов, 1957, 18.
  5. Абрамзон, 1990, 50.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]