Асан Заркунов

Википедия дан
Заркунов Асан
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Заркунов Асан
Туулган жылы: 1936-жылы 6-апрель
Каза болгон жылы 2019-жылы 7-июль
Туулган жери: Миң Булак айылы, Нарын району, Нарын, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, журналист
Учурдагы кызматы: Тактала элек


Жазуучу, журналист Асан Заркунов Нарын районунун Миң-Булак айылында 1936-жылы 6-апрелде туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган.

1942–1952-жж. Куйбышев, Оттук орто мектебинин окуучусу 1952–1958-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти,

1958–1959-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында адабий кызматкер, 1959–1998-жж. Куйбышев атындагы (азыркы А.Тыныбек)

орто мектебинде кыргыз тили, адабияты сабагынын мугалими, директор болуп иштеген. 1998-жылдан пенсияда.

1977-жылы «Сыйкырдуу ариптер» аттуу повесттер жыйнагы жарык көргөн. «Жоокердин жары», «Жоогазындар гүл ачаарда» пьесаларын жазган.

Кыргыздын улуу манасчыларынын бири Тыныбек Жапый уулу, анын уулу санжырачы, комузчу, акын Актан Тыныбеков,

Кыргыз Республикасынын эл артисттери М.Баетов, Ж.Шералиев жөнүндөгү макалалары республикалык гезит-журналдарга жарыяланган.

1977-жылы «Кыргыз Эл агартуу отличниги», 1985-жылы «СССР Эл агартуу отличниги» төш белгилери менен сыйланган жана

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамына, ошондой эле Нарын обкомунун Ардак грамотасы,

Орто Азия аскер округунун Ардак грамотасы, Кыргызстан КП БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин V съездинин делегаты болгон.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сыйкырдуу ариптер: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 106 б.
  • Тыныбек манасчы: Монография. – Б.: Бийиктик, 2001.  112 б.
  • Тыныбек манасчы боюнча мектепте сабак өтүүнүн жолдору.  Б.: Бийиктик, 2001.  80 б.
  • Актан Тыныбек уулунун Манас айтуу керемети.  Б.: Бийиктик, 2002.  21 б.
  • Теңири «Манас» эпостун кара сөз варианты.  Б.: Бийиктик, 2003.  192 б.
  • Чоң манасчы Тыныбек жана анын мурастары.  Б.: Бийиктик, 2006.  13 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6