Асбест кенташтары

Википедия дан

Асбест кенташтары - асбесттин өлчөмү, буласынын узундугу технологиялык иштетүүгө мүмкүндүк берген жана экономикалык жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Минералдык курамы боюнча - хризотил-асбесттүү (жаратылышта көп таралып, кеңири пайдаланылганы) жана амфибол-асбесттүү (крокидолиттүү, амозиттүү, антофиллиттүү, режикиттүү, родуситтүү ж. б.) кенташтарга (рудаларга) бөлүнөт. Кендин сапаты минералдык курамынан сырткары отко, кислотага жана жегичтерге туруктуулугу ж. б. касиеттерин аныктаган, асбест буласынын узундугу жана бышыктыгы, проценттик өлчөмү боюнча да бааланат. Россия өндүрүштөрүндө буланын минималдык узундугу 0,5 ммди, чет өлкөлөрдө - 0,25 ммди түзөт. Кенташта орто булалуу жана кыска булалуу сорттору үстөмдүк кылат. Узун булалуу (текстилдик) сортторунун үлүшү кыйла төмөн. Бышыктык касиети боюнча - нормалдуу (чоюлуу бышыктыгы 300 кг/мм2 чейин), жарым-жартылай морт (300-220 кг/мм2) жана морт (220-110 кг/мм2) асбест болуп бөлүнөт. Запасынын өлчөмү боюнча: ири - 5 млн одан (хризотил-асбест) жана 500 миң одан ашык (амфибол-асбест), орт. - 5-0,5 млн о (хризотил-асбест) ж-а 500-50 миң о (амфиболасбест), чакан - 0,5 млн о (хризотил-асбест) жана 50 миң одан аз (амфибол-асбест) кендерге ажыратылат. Асбест буласынын дүйнөлүк чалгындалган запасы 223,4 млн о (21-кылымдын башталышы), анын ичинен хризотил кенташтарында топтолгону 220,5 млн о, калганы - амфибол тектеринде. Хризотил-асбестин ири запасы - Россияда (Баженов кени, Уралдагы Киембай, Забайкальедеги Молодежный), Канадада (Асбестос - 5 млн одан ашык; Кинг-Бивер - 3,2 млн т ж. б.), Казакстанда (Жетигара кени ж.б.), Кытайда, ТАРда бар. Асбест кенташынын дүйнөлүк өндүрүмдүүлүгү (21-кылымдын башталышында) 2,5 млн о була (96% хризотил-асбест).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1