Мазмунга өтүү

Аскад Мухтар

Википедия дан
Аскад Мухтар
Asqad Muxtor
Туулган датасы:

23 -декабрь 1920(1920-12-23)

Туулган жери:

Фергана

Өлгөн датасы:

17 -апрель 1997(1997-04-17) (76 жаш)

Өлгөн жери:

Ташкен

Аскад Мухтар (23. 12. 1920-жылы туулган, Фергана шаары) – өзбек жазуучусу.

Орто Азия мамлекеттик университетин бүткөн (1942). Чыгармалары 1938-жылдан жарыялана баштаган. «Болот эритүүчү» (1947) поэмасы, «Болоттун шаары» (1950) аңгеме-очерк жыйнагы, «Дарыялар кошулган жерде» (1950) повести менен Мухтар өзбек адабиятында жумушчу темасын негиздеген.«Эже-сиңди» (1954) романында өзбек аялдарынын рухий турмушун, «Төрөлүү» (1961) романында ири курулуштардагы жаштардын эмгегин көрсөтөт. Мухтардын Өзбекстан, анын тарыхы, улут маданияты жөнүндөгү ой толгоолорун баяндаган «Чынар» романы (1969); Өзбекстандын Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1973) бар. «Каракалпак повести» (1958) менен «Өлбөстүк» (1969) поэмасы – тарыхый революциялык чыгарма.

Акын катары да белгилүү А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, М. Горький, В. В. Маяковский өңдүү классиктердин чыгармаларын өзбек тилине которгон. М-дин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]