Аскар Салымбеков
Аскар Салымбеков Коомдук ишмер, ишкер Аскар Салымбеков. | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Салымбеков, Аскар Мааткабылович |
Туулган жылы: | 1955-жыл 28-жалган куран айы |
Туулган жери: | Ат-Башы айылы, Нарын облусу |
Өлкө: | Кыргызстан |
Компаниясы: | “Дордой” |
Ишмердүүлүгү: | ишкердик, саясатчы (учурда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты) |
Альма-матер: | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети |
Коомдук салымдары: | меценаттык |
Мурда аткарган кызматтары: |
|
Сыйлыктары: | , 2001-жыл; Экинчи даражадагы “Улуу Петр” ордени (Орусия), 2006-жыл; “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматкери” наамы, 2009-жыл; ж.б. |
Аскар Мааткабылович Салымбеков (05.02.1955-ж. туулган Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) – кыргыздын белгилүү ишкери жана коомдук ишмери.
Кыскача өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аскар Мааткабылович Салымбеков 1955-жылы 5-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айлында жарык дүйнөгө келген.
Атасы Мааткабыл Ат-Башы районунун Кошой айылынан, энеси Сайраке аталган райондун Кара-Булуң айылынан чыккан.
1977-жылы КМУнун тарых факультетин, 1990-жылы экономика факультетин бүткөн.
Кыргыз дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы, 1981-86-жж. Кыргызстандын ЛКЖС БКнын жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-ж Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, 1991-1993-ж Бишкек шаараткомунун базарлар башкармасынын начальниги.
1993-1999-ж "Дордой" Ассоциациясынын Президенти.
1999-2005-ж Нарын] облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор кызматын аркалаган.
2005-ж. баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-жана 4-чакырылыштарынын депутаты,ошол эле учурда 2005-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.
Ишкер-бизнесмен.
Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон инсан.
Коомдук ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Дордой" Ассоциациясынын ардактуу президенти.
Кыргыз Республикасынын "Көк-бөрү" Федерациясынын ардактуу президенти.
Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү.
2006-жылдан бери Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясынын төрагасы.
Наамдары. Сыйлыктары.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Эмгек каармандыгы үчүн","Даңк" медалдары,орус академик В.Леонтьев атындагы алтын медалы,Россия Федерациясынын"За заслуги перед Родиной и Отечеством", "Петр Великий" ордендери , Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган."Руханият" эл аралык сыйлыгынын ээси.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
- Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
- Дордойдун урпагы: Даректүү жыйнак / Түзүүчү Гүлмира Мамбеталиева. – Бишкек, 2011. – 236 бет. – ISBN 978-9967-26-344-4.
- Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://dordoi.kg/ Archived 2011-12-11 at the Wayback Machine
- http://www.dordoi.kz/ Archived 2012-01-06 at the Wayback Machine
- http://www.дордой.рф/
- http://www.exportasia.ru/dordoi/ Archived 2012-03-10 at the Wayback Machine
- http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_economy_askar_salymbekov/24327060.html
- http://mir24.tv/programms/7224/episode/4514629 Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
- http://who.ca-news.org/people/34
- http://www.presskg.com/km/11/1212_7.htm Archived 2012-01-23 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/km/11/1212_11.htm Archived 2012-05-16 at the Wayback Machine