Аспирин

Википедия дан
Аспирин

Аспирин (латынча acidum spiricum - салицил кислотасынын алгачкы аталышы) - ацетилсалицил кислотасынын коммерциялык аты. 1853-жылы синтезделген. Дарылоо практикасына немецтик дарыгер Г. Дрезер киргизген. Ал температураны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы жана ооруну басаңдатуучу дары. Аспирин калтыратмада, баш ооруганда, невралгияда, кызыл жүгүрүктө жана башкада кеңири колдонулат. 20-кылымдын ортосунда анын антитромбоциттик таасири байкалып, ошого байланыштуу антиагрегант катары кеңири пайдаланылат. Чоң дозада кабыл алганда баш айланат, угуу начарлайт, аллергиялык реакциялар жана башка болот. Аны тамактан кийин сууга эритип ичүү сунуш кылынат. Аспирин айрым дарылардын (цитрамон, седальгин, алько-прим ж. б.) курамына кирет. Абдан көп колдонулуучу дары болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1