Ассоциативдүүлүк

Википедия дан

Ассоциативдүүлүк, топтоштуруу закону - алгоритмдик амалдын касиети. Сандарды кошууда, көбөйтүүдө ассоциативдүүлүк (a+b)+c=a+(b+c) ж-а (ab)c=a(bc) теңдештиктери менен мүнөздөлөт. Эгер берилген алгоритмдик системада (x*y)* z=x* (y* z) теңдештиги орун алса, анда «*» бинардык амалы ассоциативдүү болот. Ушул эле сыяктуу, эгер бардык i=1,2,...,n үчүн (x1x2...xna)xn+1...x2n la = =х,х„...х.(х х ...х<я)х...х w теңдештиктери аркылуу n тартиптеги w амалынын ассоциативдүүлүгүн аныктоого мүмкүн. Ассоциация (коомдо) (латынча assoclatio - кошулуу, биригүү) - 1) коомдо ассоциация-мекемелердин, уюмдардын же жеке адамдардын жалпы чарбачылык, саясий, илимий-маданий маселелер боюнча бир максатка биригиши; 2) психологияда ассоциация - сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен болчу адамдын психикалык процесстери менен кыймыл-аракеттеринин байланышы. Ассоциация адамдын мурдагы тажрыйбаларынын негизинде пайда болуп, заттар менен кубулуштардын мейкиндик-убакыт катнаштарына (мейкиндик менен убакыт ичиндеги байланыш ассоциациясы, мисалы, жаздын келиши жана чөптүн чыгышы) алардын окшоштугун (окшоштук ассоциациясы, мисалы, жалбырактын шуудурашы жана адамдын шыбыры) же карама-каршылыгын чагылдырышы мүмкүн (карама-каршылык ассоциациясы, мисалы, күн менен түн, карылык жана жаштык); 3) экономикада - монополиянын формасы. 2-дүйнөлүк согуштан кийин мындай уюмдар мамлекеттик-монополиялык бирикмелер айрыкча өнүктү. 1951-жылы көмүр жана болот боюнча европалык Бирикме пайда болду. 1957-жылы Европалык экономикалык шериктештик (ЕЭС) - «Жалпы рынок» түзүлгөн. 1960-жылы Эл аралык мамлекеттик-монополиялык жаңы бирикме - Европалык соода ассоциациясы (EACT) уюштурулган. Aзыр эл аралык мамлекеттик-монополиялык бирикмелер барган сайын көбүрөөк түзүлүүдө. Эл аралык мамлекеттик монополиялык бирикмелер өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө белгилүү көмөк көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1